24.kg
15:04, 04 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстанда биринчи жолу инклюзивдик спектаклдин премьерасы болот

Кыргызстанда биринчи жолу «Шире-шери-не» инклюзивдуу спектаклинин премьерасы болот. Бул спектакль 10-декабрда Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында көрсөтүлөт. Бул тууралуу ПРООНдон билдиришти.

Спектаклде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 кыз -келиндер катышат. Алардын ар бири дискриминацияга каршы күрөшүү боюнча жеке окуясы менен бөлүшөт.

Премьера Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын жана Майыптардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлөт.

Каарман кыздардын бири 23 жаштагы Алия Юлдашева ата-энеси менен бирге спектаклге катышууда. Өзүнүн айтымында, чакырганда ал ар кимге өзүнүн көйгөйлөрүн чыгармачылык аркылуу айта алганына абдан кубанган.

Спектаклде инклюзивдүүлүктүн маанилүүлүгү баса белгиленип, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу стереотиптер жок кылынган. Ар бир катышуучу күч жана кайраттуулуктун үлгүсү. Бул аялдар алардын потенциалы кадимки күтүүлөрдөн алда канча жогору экенин көрсөтүп турат, деп белгиледи ПРООН.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18