24.kg
14:24, 04 декабря 2024, 24.kg

Петербургдагы үй-бүлөлүк билим борборуна Токтогон Алтыбасарованын ысымы берилди

Санкт-Петербургда Выборг районунда жайгашкан № 4 үй-бүлөлүк билим берүү борборуна легендарлуу кыргызстандык Токтогон Алтыбасарованын ысымы ыйгарыда. Ал 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуш маалында блокадада калган Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы Күрмөнтү айылына кабыл алган. Мындай чечимди шаардык топонимикалык комиссия кабыл алып, буга чейин тиешелүү документтерге губернатор Александр Беглов кол койгон.

Photo 355933

Белгиленгендей, борбор түндүк борбордун социалдык мекемелеринин арасында кеңири белгилүү. Бул жерде шаардагы эң эски балдар үйлөрүнүн бири жайгашкан.

Буга чейин бул жерге фотосүрөттөр жана куткарылгандардын тизмесинин көчүрмөсү өткөрүлүп берилген, алар блокадага арналган көргөзмөнүн бир бөлүгү болгон.

Документтерди Токтогон Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев алып келген. Ал белгилегендей, кыргызстандыктар анын ысымы Санкт-Петербургда дагы деле эскерилип жатканын баалайт. 1942-жылы апасы болгону 18 жашта эле. Ал ленинграддык балдарга жардам берүү үчүн айылдарды кыдырып, азык-түлүк чогултуп жүргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18