24.kg
12:13, 04 декабря 2024, 24.kg

Салык кызматынын Бишкек шаардык бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатат

Салык кызматынын Бишкектеги бөлүмдөрү кадимки режимде ишин улантууда. Маалыматты 24.kg басылмасына аталган башкармалыктан тастыкташты.

«Бардык райондук бөлүмдөр штаттык режимде иштеп жатат», — деп билдиришти салык кызматынан.

Эске сала кетсек, Салык кызматынын үч райондук башкармалыгынын жетекчилери 48 саатка камакка алынган. Кошумчалай кетсек, 3-декабрда УКМКнын кызматкерлери «Альфа» атайын кызматкерлери менен биргеликте Мамлекеттик салык кызматынын төрт райондук бөлүмүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында 30 кызматкер жана төрт жетекчи суракка алынып келинди. Кийинчерээк катардагы жумушчулар менен бир жетекчи бошотулуп, үч аткаминер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Маалыматтарга караганда, салык кызматкерлери коррупцияга шектелип текшерилген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18