24.kg
09:20, 04 декабря 2024, 24.kg

Тышкы иштер министрлиги Кореядагы кыргызстандыктарды сабырдуулукка чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер инистрлиги Корея Республикасында аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты.

Ага ылайык, министрлик Кореянын аймагында жүргөн КР жарандарына тынчтыкты сактап, сак болууга жана өтө зарыл болбосо жашаган жеринен чыкпоону катуу сунуштайт.

"Өзүңүздүн коопсуздугуңуз үчүн жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткарып, ар кандай коомдук иш-чараларга, өзгөчө саясий мүнөздөгү иш-чараларга катышуудан алыс болуңуз.

Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Кыргызстандын Сеулдагы элчилиги Корея Республикасынын тиешелүү органдары менен дайыма байланышта.

Өзгөчө кырдаал болгон учурда дароо +82 10 9798 0951 телефон номери аркылуу элчиликке кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, күн мурун Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өзүнүн телекайрылуусунда өлкөдө аскердик абал жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18