24.kg
17:03, 03 декабря 2024, 24.kg

ЖКнын мурдагы төрагасы Канатбек Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаев камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, баш коргоо чарасын 2025-жылдын 27-январына чейин узартты.

Photo 355746

Канатбек Исаев мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деп шектелүүдө. Кармалган адам өзү журналисттерге күнөөсүн мойнуна албасын жана кылмышка кандай байланышы бар экенин түшүнбөй турганын билдирди.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында президенттик шайлоонун алдында Канат Исаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу болуп калган. 2019-жылдын апрель айында сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Канат Исаев 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын октябрында кармалган. Ал кылмышка даярданган, массалык баш аламандык уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган. Бирок 2023-жылдын январында борбордун Биринчи Май райондук соту мурдагы эл өкүлүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18