24.kg
16:37, 03 декабря 2024, 24.kg

Бишкектеги борбордук жаңы жылдык балаты. Учурда эмнелер даяр?

Бишкекте борбордук Ала-Тоо аянтын жана өлкөнүн башкы балатысын жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын адистери гирляндаларды орнотууда жана жакында майрамдык оюнчуктарды илип башташат.

Буга чейин балатынын каркасын «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери орнотушкан. Жаңы жылдык башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метрди жетет.

Белгилей кетсек, аянтта чоң сейилдөөчү зона пайда болот. Мында толук кандуу жаңы жылдык шаарча түзүлөт. Шаар тургундары жана коноктору үчүн мастер-класстар, флешмобдор, концерттер жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Аймакты жасалгалоого 1,5 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18