24.kg
11:06, 03 декабря 2024, 24.kg

Аксыда мектеп курууда 7 млн сомдон ашык акчаны кымырып алышкан

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мектеп курууда 7 миллион сом мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Сары-Челек айыл аймагынын No18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектебинин имаратын курууда «МК С.» ЖЧКсы сметада каралган иштерди толук бүтүрбөстөн, кабыл алуу-өткөрүү актыларын жасалма түрдө жасагандыгы аныкталды. Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары курулуштун бүткөрүлгөнүн текшербей туруп, акчасын которуп, объектти пайдаланууга кабыл алышкан. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун прокуратурасы тарабынан билим берүү мекемесинин курулушуна бөлүнгөн 7 миллион 198 миң 990 сомдун мыйзамсыз пайдаланылышы боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы районунун ИИБнө тапшырылды.

Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18