24.kg
17:14, 02 декабря 2024, 24.kg

УКМК Ош мэриясынын кызматкерин мыйзамсыз жер бергендиги үчүн кармады

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Photo 355551

Атайын кызмат тарабынан Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.нын пайдасына «Туран» кичи районунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан жалпы аянты 2,2 га, айылдын сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын ММБнын башчысы П.А.А., Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө учурунда, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.га сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин жеке менчикке берүү үчүн жасалма аукционду уюштурууга көмөктөшкөнү аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы П.А.А. кармалып, тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган кылмыш иши боюнча Ош шаарынын экс-вице-мэри Ж.М.Азимов, Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын экс-башчысы А.А.Токошев, Ош шаарынын мэриясынын ММБ экс-башчысы А.Э.Семетеев жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы И.Б.Сансызбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18