24.kg
16:07, 02 декабря 2024, 24.kg

Лейлекте IT академиясынын филиалы ачылды

Баткен облусунун Лейлек районунда IT академиясынын филиалы ачылып, «Лейлекте жаша — бүт дүйнө менен иште!» аттуу маалыматтык технологиялар форумун өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Форумда сөз сүйлөгөн депутат Миргүл Темирбаева эң алыскы аймакта ачылып жаткан билим берүү мекемеси облустун тургундарына, өзгөчө аялдарга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын баса белгилеп, чоң-кичине дебей бул жерден билим алууга чакырды.

Ал эми Жогорку технологиялар паркынын директору Азиз Абакиров демилге көтөрүп, Лейлек районунда филиалдын ачылышына жардамчы болгон депутатка ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары, форумда көптөгөн маалыматтык баяндамалар жасалып, сунуш-пикир, идеалар талкууланды.

Эске салсак, «Баткен облусунда аялдар жана кыздар үчүн маалыматтык коммуникациялык технологиялар тармагында билим алуу мүмкүнчүлүгү» долбоорунун алкагында 200 кыз-келин бекер билим алат. Долбоорго Германиянын кызматташтык (GIZ) уюму демөөрчүлүк кылып жаңыдан ачылган IT академиясынын филиалына 25 ноутбук белек кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18