24.kg
12:37, 02 декабря 2024, 24.kg

Айбек Жунушалиев Бишкек Жылуулук электр борборунун абалын айтты

Бүгүн, 2-декабрда БШКнын биринчи отурумунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын ЖЭБинде кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн айтып берди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБи мэриянын балансына өткөндөн бери үчүнчү жана төртүнчү энергоблок оңдолуп бүттү.

«Биз авариядан кийин бардык көйгөйлөрдү жоюп, ЖЭБ толук кубаттуулукта иштей баштады», — деди мэр.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Бишкек жылуулук борборунда түн ичинде авария болгон. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылды, экөө амбулатордук дарыланууга алынган. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өткөрүлгөн. Бишкек шаарында жылуулук жана ысык суу 7-февралда толугу менен калыбына келтирилип, 9-февралда республикалык штаб аталган жерде жоюу иштери аяктаганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18