24.kg
12:30, 02 декабря 2024, 24.kg

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон ачылды: Лыжа тебүүчүлөрдү күтүүдө

Каракол лыжа базасында кышкы туристтик сезон ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Photo 355476

Мамлекет башчынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиевдин билдиргенине караганда, быйыл Ысык-Көлгө 2 миллионго жакын турист келсе, анын 300 миңден ашыгы алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген коноктор. Көрсөткүч жыл сайын өсүүдө.

Лыжа базасы Ысык-Көлдүн визиттик картасы гана болбостон, өлкөнүн негизги кышкы туристтик жайларынын бири болуп калды. 2024-жылы лыжа базасына баруучу 3 чакырым жол оңдолгон.

Иш-чаранын программасында кышкы спортту сүйүүчүлөр үчүн лыжа тебүү демонстрациялары жана мастер-класстар камтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18