24.kg
11:18, 02 декабря 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев чет элдиктерге кыргыз сөзүнүн келип чыгышын түшүндүрүүгө чакырды

Ар бир кыргызстандык кыргыз деген сөздүн чечмеленишин билиши керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул биздин тарых жана келечек.

«Урматтуу мекендештер! Менин сиздерге кайрылуума бир олуттуу маселе себеп болуп жатат. Кечээ алыскы бир мамлекетте жумуш менен жүрсөм, ал жакта менден сурап калышты «кыргыз деген кайдан келип чыккан, биздин билишибизче кыргыздар айтат бул кырк кыз деген сөздөн чыккан деп, ушул чынбы деп». Мен айттым, «кыргыз деген сөз, кырылгыз, түгөнгүс анан кыргыз деп аталып калган деп». Эмне үчүн мен муну айтып жатам, себеби биз кыргыздар өзүбүз кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп, билип алышыбыз керек, ар бир кыргыз мына ушуну сөзсүз билиши керек, бул биздин тарыхыбыз жана келечегибиз! Ал эми тарыхчыларыбыз да туура түшүндүрүп берет деген ойдомун», — деп жазды УКМК башчысы.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18