24.kg
17:06, 29 ноября 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад окуясына тиешеси бар адамдар менен жолугушту

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 29-ноябрда Кемпир-Абад делген кылмыш иши боюнча айыпталуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу жыйындын катышуучусу, активист Ильгиз Шаменов билдирди.

Анын 24.kg басылмасына билдиришинче, жыйынга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, экс-депутат Асия Сасыкбаева, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов жана башкалар катышты.

Ильгиз Шаменов белгилегендей, Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы, Өзбекстан менен түзүлгөн келишим тууралуу кеңири айтып, жашыруун документтерди көрсөткөн.

«Мен жеке ынандым, эгерде мурда биздин өлкөнүн картада аянты 199 миң чарчы метр болсо, азыр 200 миң чарчы метр. Калганын тарых баалайт», — дейт Ильгиз Шаменов.

Ал жолугушуу жылуу маанайда өткөнүн кошумчалап, бул теманы тактап, талкуулаганы үчүн УКМКнын жетекчисине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана парламент депутаттары кирди. 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. Бийлик массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен 27 адамды түрмөгө жөнөткөн.

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда прокурорлор соттон «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча айыпталгандардын бардыгын 10 жылга, «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча 15 жылга, ал эми кылмыштардын жыйындысын конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.

14-июнда райондук сот бул иш боюнча бардык айыпталуучуларды кылмыштын курамы жок деп актаган. Прокуратура бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18