24.kg
13:09, 29 ноября 2024, 24.kg

Ошто ӨКМнын мамлекеттик материалдык резервдер кампасы оңдоодон кийин ачылды

Ош шаарында оңдоо иштеринен кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик материалдык резервдер кампасы ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Объекттеги капиталдык оңдоо иштери Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жүргүзүлгөн. Кампанын аянты 4 миң чарчы метрди түзөт. Имараттын жарымы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 2 жыл 11 айга ижарага берилген.

Бүгүнкү күндө кампада биринчи сорттогу ун, кант, өсүмдүк майы, эт консервалары сакталат.

Мамлекеттик материалдык резервдердин кампасы мобилизациялык муктаждыктарга, табигый, техногендик жана социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча чараларды көрүү, рынокко жөнгө салуучу таасир көрсөтүү, качкындарга жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө арналган материалдык баалуулуктардын запастарын сактайт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18