24.kg
18:31, 28 ноября 2024, 24.kg

Жогорку Кеңештин депутатынын төрт тууганы Токмак шаардык кеңешине кирди

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин төрт тууганы Токмак шаардык кеңешине кирди. Бул тууралуу Exclusive.kg сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, мандаттарды Медербек Саккараевдин жубайы Назгүл Мааткеримова, кызы Жанара Саккараева жана кудасы Тынайбек Сансызбаев алышты. Алардын баары «Эл биримдиги» партиясынан шайланган. Төртүнчү шайланган депутат Медербек Саккараевдин бир тууган иниси Анарбек Маликов «Ынтымак» партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланды.

Партиялык тизме менен таанышып чыккан 24.kg сайты «Эл биримдиги» партиясынан депутаттыкка депутаттыкка үч бир тууган — Эркегул, Айнагүл жана Чынаркул Саккараевдер, Элдана менен Жапаркул Саккараевдердин балдары да ат салышканын аныктады.

Белгилей кетсек, Медербек Саккараев Чүй-Кемин районунан депутат болуп шайланган. 2021-жылга чейин Казакстандын жараны болгон.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18