24.kg
18:02, 28 ноября 2024, 24.kg

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: «Автогаз боюнча абал жакынкы жумада чечилет»

Автогаз боюнча абал жакынкы жумада чечилет. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов Биринчи радиого билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө май куюучу жайларда газдын тартыштыгы байкалууда. Бирок күйүүчү майдын бул түрүнүн белгилүү бир көлөмү Кыргызстанга келип жатат. Кыргыз Республикасына арналган анын басымдуу бөлүгү жолдо, Казакстандын аймагында.

«Акыркы он күндө тартыштык пайда болду, жакынкы аралыкта абал турукташат. Биздин өлкөдө гана эмес, бүткүл региондо — Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жетишсиздик бар. Бизде газдын тартыштыгы аймактарда жок, бул Бишкекте гана», — деди Канатбек Эшатов жана россиялык компанияларда темир жол кыймылдуу составы жана автогаз ташуу үчүн цистерналар бир аз тартыш болгонун эске салды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18