24.kg
16:55, 28 ноября 2024, 24.kg

Камбар-Ата-1 ГЭСинин жумушчуларына эки айдан бери маяна бериле элек

Камбар-Ата-1 ГЭСинин жумушчуларына эки айдан бери айлык акы төлөнбөй келген. Ошон үчүн алар иш таштоого чыгышкан. Акциянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Кадрларга караганда, иш таштоого 100дөн ашык адам катышкан.

Окуяга комментарий берип жатып, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына ноябрда Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруунун алкагында «Нарынгидроэнергетика курулуш» ААК каражат бөлүүгө тийиш экенин билдирди. Каражат даярдык иштерин бүтүрүүгө жумшалышы керек.

Бирок каражат акционердик коомдун банк эсебине өз убагында түшпөй, натыйжада жумушчуларга сентябрь жана октябрь айларынын эмгек акысы төлөнбөй калган. Бүгүнкү күнгө карата бардык 370 жумушчунун айлык акысы төлөнүп бүттү.

Башкармалык мындан ары айлык акыны кечиктирбей турганын убадалады, кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18