24.kg
13:31, 28 ноября 2024, 24.kg

Русланбек Жакишев: «Аймактарда суюлтулган газдын баасы 39,50 сомго көтөрүлдү»

Өлкөнүн аймактарында суюлтулган газдын баасы литри 39,50 сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Русланбек Жакишев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындан төрт ай мурун Бишкекте газдын литри 32,50 сом болсо, азыр 37,90 сомдон сатылууда. Ал эми май куюучу жайларда беш-алты саатка чейин кезекке турган айдоочулардан арыздар түшүп жатат.

Нефтетрейдерлер абалды суюлтулган газдын тартыштыгы менен түшүндүрүштү. Алардын айтымында, бул Орусиядагы темир жол цистерналарынын жетишсиздиги менен байланыштуу. Экинчи себеп, Кыргызстанда акыркы жылдары бензинге болгон баанын олуттуу айырмасынан улам газды колдонуу бир нече эсеге көбөйдү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18