24.kg
12:21, 28 ноября 2024, 24.kg

Жогорку Кеңеште ички каттамдарга авиа билеттердин кымбаттагы кайрадан айтылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов Ош — Бишкек жана Баткен — Бишкек аба каттамына билеттердин кымбаттыгына нааразы болду.

«Ооба, арзан билеттерди саткан «Асман» компаниясы иштей баштады, бирок баага жүк ташуу кирбейт. Мындан тышкары, бул компаниянын билеттери кайтарылбайт жана рейсти башка күнгө жылдыруу мүмкүн эмес», — деп нааразы болду депутат.

Кышкысын борборго унаа менен баруу кыйын болгондуктан Ош менен Баткенден билеттердин баасын арзандатууну суранды.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар ички каттамдарга билеттердин кымбаттыгына нааразылыгын билдиришкен. Маселен, депутат Камила Талиева Бишкек — Раззаков аба каттамына билеттердин баасы 6 миң сомго чейин көтөрүлүп, мындай баалар лейлектиктердин чөнтөгүн каңдап жатканын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18