24.kg
12:14, 28 ноября 2024, 24.kg

Кыргыз балы 2025-жылдын башында Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө

Кыргыз балы 2025-жылдын башында Евробиримдиктин реестрине киргизилиши күтүлүүдө. Маселе министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Дороги Сандор, ошондой эле айыл чарба тармагындагы венгр компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз балын Европа биримдигине экспорттоого байланышкан маселелер, ошондой эле балдагы заттардын калдыктарына мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү маселелери каралды.

Даярдалган мониторинг планы Европа комиссиясынын саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча башкы директорлугуна жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, Кыргызстанда мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Европадан Кыргызстанга асыл тукум малдарын алып келүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун соңунда Венгрия компаниялары менен мындан ары кызматташуу жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18