24.kg
11:38, 28 ноября 2024, 24.kg

Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат

Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Берлинде «Airbus Europe» компаниясынын жетекчиси Йохан Пелиссье менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учактар Европага, анын ичинде Бишкек-Париж, Бишкек-Берлин жана Бишкек-Лондон багыттары боюнча каттамдарды аткаруу үчүн колдонулат.

Баарлашуунун жүрүшүндө президент Кыргызстандын «Airbus» менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгына токтолду.

Садыр Жапаров келерки жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинен (EU Air Safety List — Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча тизмеси) чыгарылышы күтүлүп жатканын айтты. Бул тизмеден чыгуу Европага түз каттамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эксплуатация ийгиликтүү аяктаса экинчи фазада «Airbus» менен биргеликте авиапаркты андан ары кеңейтүү пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18