24.kg
10:38, 28 ноября 2024, 24.kg

ЖК мектептерде акча чогултууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Парламент экинчи жана үчүнчү окууда мектептерде акча чогултууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева.

Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, президенттин жарлыгы менен тыюу салынганына карабай, билим берүү мекемелеринде акча чогултуу уланууда. Буга байланыштуу мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталганда аларды Эреже бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Жаңы беренеге ылайык, мыйзамсыз акча чогултуу жеке жактарга 20 миң сом айып салууга алып келет. Ушул эле жосундар мектептерде коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалганда, жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салууга алып келет.

Ички иштер органдары бул берене боюнча иштерди карап, айып пул салат.

Парламентарийлер акча чогултууга тыюу салууну киргизүү менен мектептерди техникалык жана материалдык жактан камсыз кылуу, күндүзгү коопсуздукту уюштуруу, техникалык каражаттар менен камсыз кылууда көйгөйлөр жаралганына тынчсыздануусун билдиришти. Ага Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Байгончоков мектептерди оңдоп-түзөө жана жабдууларды сатып алуу үчүн зарыл болгон каржылык каражаттар бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарына бөлүнгөнүн баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18