24.kg
17:05, 27 ноября 2024, 24.kg

Алымкадыр Бейшеналиев ооруканалардын башкы дарыгерлерин өзү дайындагысы келет

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев ооруканалардын башкы дарыгерлерин өзү дайындагысы келет. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ведомство мыйзам долбоорун иштеп чыккан, ал жакында парламенттин кароосуна келет.

«Мен кызматка келгенде бир дагы башкы дарыгерди же директорду дайындаган жокмун. Анткени убагында медициналык мекемелердин жетекчилери сынак аркылуу тандалып алынган деген токтом чыккан. Азыр көп жерлерде директорлор жок. Көп адамдар сынактарга катышкысы келбейт. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин татыктууларды дайындайбыз», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Өз кезегинде депутат Сейдбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы жалпы дарыгерлик практика борборунда жарым жылдан бери директордун орду бош турганын белгиледи. Ал кызматты орун басары аткарып жаткандыгые белгиледи. 

Эл өкүлүнүн айтымында, жергиликтүү тургундар мурунку директорду аталган медициналык мекеменин директорлугуна дайындоону суранышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18