24.kg
15:18, 27 ноября 2024, 24.kg

Шашылыш билдирүү. Аба ырайы кескин өзгөрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 30-ноябрында күндүз жана 1-2-декабрларда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3° ...+2°, күндүз 1...6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6° суук, күндүз 0...5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...5°, күндүз 4...9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз −1° сууктан ...+4° чейин жылуу болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −18...-23°, күндүз −6...-11°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −1...-6° суук, күндүз 1...6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −7...-12° суук, күндүз −4° сууктан ...+1° жылуулукка чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн −5...-10° суук, күндүз −3° сууктан ...+2° жылуулукка чейин, бийик тоолордо түнкүсүн −19...-24°, күндүз −6...-11° чейин суук аба ырайы күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18