24.kg
14:41, 27 ноября 2024, 24.kg

«Учкун» ишканасы мектептер үчүн 285,6 миңден ашык окуу китептерин басып чыгарды

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дагы 5 жаңы окуу китептери «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында жарык көрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу китептери "Учкун" ачык акционердик коомунун басмаканасында 285 миң 630 нускада басылып чыкты.

 Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

русский язык, 7-класстар үчүн (авторлору: Н.П. Задорожная, Ч.М. Мусаева);

русский язык, 8-класстар үчүн (авторлору: Н.П. Задорожная, Г.С. Чепекова).

 Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

кыргыз тили, 7-класстар үчүн (авторлору: А.А. Оморова, П.С. Осмонова, Т.Н. Абылкасымова, А.А. Узекеева);

кыргыз тили, 8-класстар үчүн (авторлору: А.А. Оморова, Т.И. Ботбаева, Г.К. Эшпаева);

русский язык, 7-класстар үчүн (авторлору: Л.М. Бреусенко, Т.А. Матохина).

Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджетте билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 млн сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата 428 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылы республикалык бюджеттен 90 млн сом кошумча бөлүнгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18