24.kg
13:17, 27 ноября 2024, 24.kg

Социалдык фонд өнүктүрүү фондунун эсебинен кызматкерлердин айлыгын жогорулаткан

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Башкы прокуратурага кайрылып, Социалдык фонд өнүктүрүү фондунун эсебинен эмне үчүн кызматкерлердин айлыгын көтөргөнүн текшерүүнү өтүндү.

Ал белгилегендей, 2022-жылы өнүктүрүү фондуна 49 миллион сом, 2023-жылы 56 миллион сом каралган.

«Ал эми 2024-жылы 322 миллион сом колдоносуңар. Айырмасы 266 млн. Эмне үчүн мындай болуп жатат? — деп сурады эл депутаты.

Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев бул каражат кызматкерлердин маянасын жогорулатууга жумшалган деп жооп берди.

Таалайбек Сарыбашов өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчаны айлык акыга коротуунун мыйзамдуубу деген суроосуна башпрокурордун орун басары Үмүткан Конкубаевадан текшерүүнү өтүндү.

Белгилей кетсек, «Социалдык фонд жөнүндө» мыйзамда ведомствонун каражаттары башка нерселер менен катар өнүктүрүү фонддорун каржылоого жумшалат деп жазылган. Өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18