24.kg
12:19, 27 ноября 2024, 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Социалдык фонддун ишин сынга алды

«Бюджетке миллиарддаган сомдор түшүп жатат, бирок пенсияны татыктуу деңгээлге көтөрө албайбыз», — деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Социалдык фонддун ишмердүүлүгүн сынга алды.

Ведомствонун төрагасы Бактияр Алиев келерки жылы Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатканын, бул үчүн 1,2 миллиард сом каралганын белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң сомду түзөт.

Эмил Токтошев төлөмдөрдү 7 пайызга көтөрүү пенсионерлердин жашоосуна эч кандай таасирин тийгизбей турганын белгилеп, инфляциянын өсүшүн эске салды.

«Бир адам 10 миң сом пенсия алса, аны 700 сомго көтөрөсүң. Бул алардын жашоосуна таасирин тийгизбейт. Сиз жетекчи катары ушул маселелерди көтөрүшүңүз керек. А силер отурасыңар, сунуштарыңар жок. Баалардын кымбаттыгы элди муунтуп жатат. Эл кыйналып жатат. Бюджет толукталып жатат. Миллиарддар келип жатат. Биз элге болуп көрбөгөндөй өсүш деп кыйкырып жатабыз, бирок пенсияны татыктуу деңгээлге көтөрө албайбыз», — деди ал.

Эл өкүлдөрү Социалдык фонддун 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга пландаштырылган мезгилди карап жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18