24.kg
09:22, 27 ноября 2024, 24.kg

Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолукту: Эмнелер талкууланды?

Президент Садыр Жапаров Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен тет-а-тет форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргыз-герман жана глобалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды.

Photo 354854

Канцлер Олаф Шольц кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү динамикасына жогору баа берди. Ал Германия Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча, анын ичинде эки өлкө үчүн артыкчылыктуу тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Азыр биздин өлкөгө германиялык бизнес тарабынан бир кыйла кызыгуу байкалып жатканына кубанычтабыз. Биз германиялык бизнестин биздин экономикабызга катышуусун кубаттайбыз», — деди Садыр Жапаров.

Бул контекстте президент Садыр Жапаров гидроэнергетика, транспорт жана логистика сыяктуу кызматташуунун артыкчылыктуу тармактарын айтып өттү. Ал Кыргызстан Германия менен, ошондой эле бүтүндөй Европа Биримдигинин өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкка ачык экендигин баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18