24.kg
15:41, 26 ноября 2024, 24.kg

Жалаа жабуу, мазактоого айып пул 20 миң сомго кыскартылды. Долбоорду жактырышты

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору толуктоолор менен экинчи окууда кабыл алынды.

Буга чейин Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты жана Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынып, жалган кабарларды же билдирүүлөрдү жазды деген жарандар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөө керктиги сунушталган.

Бул долбоордун айланасында бир катар талкуулар жаралган. Узакка созулган талкуулардан кийин депутаттар жеке жактарга айып пулду 20 миң сомго, юридикалык жактарга 65 миң сомго чейин кыскартты.

Ошондой эле мыйзамды ишке ашыруу ыйгарым укуктары Маданият министрлигине эмес ИИМге өткөрүлүп бериле турганы жазылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18