24.kg
14:28, 26 ноября 2024, 24.kg

Бишкекте автобусту сүзүп кеткен айдоочу мас абалында болгон

«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 18 жаштагы А.Р. кырсык болгон учурда мас абалында болгонун 24.kg басылмасына укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-ноябрда Барпы Алыкулов менен Жайыла баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ТЭЦ-2 аймагында) Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жеңил унаа № 23 автобусту сүзүп кеткен. Сегиз адам жабыркаган: бешөө автобустун жүргүнчүлөрү, үчөө жеңил унаанын жүргүнчүлөрү. Алар ооруканага жеткирилген.

Медициналык экспертизанын жыйынтыгында кырсык болгон учурда унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Айдоочу өзү, булактын айтымында, сыра ичкенин мойнуна алган. Муниципалитет автобустун өзүнүн байкоочу камераларына тартылган кагылышуу учуру тартылган видеону тартуулады. Кадрларда коомдук транспорттун шакекчени айланып кантип өтүп баратканы жана ага унаа кагылышы көрсөтүлгөн.

Кагылышуудан кийин автобус бордюрдан чыгып кеткен, айдоочу отурган жеринен кулап кеткен, бирок тез эле реакция кылып, унааны өчүрүп, кол тормозун койгон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18