24.kg
13:19, 26 ноября 2024, 24.kg

«Ынтымак-Ордонун» жанында жол кырсыгы. Эки адам ооруканага жаткырылды

Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү жол кырсыгынын кесепетинен 39 жаштагы эки адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкек ШИИБдин кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 26-ноябрда саат 6.00дөр чамасында өкмөттүк унаа жолунда жаңы «Ак үй» Ынтымак-Ордого жакын жерде болгон. 39 жаштагы Т.К. Toyota RunX үлгүсүндөгү унаасы менен Айтматов проспектиси менен түндүк тарапты көздөй бара жатып, жаңы «Ак үйдүн» алдынан солго бурулуп бара жатып, 39 жаштагы Ж.Р.нын башкаруусундагы Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Жол тандабас Айтматов проспектиси менен түштүк тарапты көздөй бара жаткан.

Photo 354788

Кагылышуудан кийин жол тандабас жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. ШИИБ эки айдоочу тең ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылганын кошумчалады. Унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18