24.kg
11:33, 26 ноября 2024, 24.kg

Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жабыркагандар бар

Бишкекте муниципалдык автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн, 26-ноябрда Барпы Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү жеңил унаа № 23 автобус менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам жабыркап, алардын бешөө автобустун жүргүнчүлөрү болсо, үчөө жеңил унаанын жүргүнчүлөрү болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга таянсак, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18