24.kg
11:08, 26 ноября 2024, 24.kg

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде сактап калды

Кыргызстандын Улуттук банк башкармалыгы 25-ноябрда эсептик ченди (негизги ченди) 9 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, кабыл алынган чечим 2024-жылдын 26-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда инфляция Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынан улам туруктуу сакталып жатканын белгиледи. Жылдык инфляция көрсөткүчү 2024-жылдын ноябрь айында жыл башындагы 7,3 пайыздан төмөндөп 5,2 пайызды түзгөн. Инфляция түзүмү олуттуу өзгөрүүгө учураган жок — азык-түлүк жана азык-түлүктөн башка товарларга баалардын өсүш арымынын басаңдашы уланып, орточо чекте кармалып турат.

"Кыргызстанда курулуш сектору жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү тез өнүгүшүнүн эсебинен жогорку экономикалык жигердүүлүк сакталган. Реалдуу ИДӨ өсүшү 2024-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 9,6 пайызды түзгөн. Өлкө экономикасында калктын кирешеси көбөйүүсүнүн натыйжасында ички керектөөнүн өсүшү байкалган, ага реалдуу эмгек акылардын жогорулашы менен өлкөгө жеке адамдардан акча которууларынын агымынын алгылыктуу динамикасы таасирин тийгизип жатат. Ошондой эле, негизинен ички каржылоо булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн өстүрүү катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18