24.kg
10:48, 26 ноября 2024, 24.kg

Кыргызстанда унааларды каттоо ыңгайлуу жана ылдам болуп калды

Кыймылдуу мүлктү каттоо боюнча жаңы чаралар жарандарды тейлөөнү жакшыртууга, автосервис борборлорундагы кезек күтүүнү кыскартууга жана унаа ээлеринин акчасын үнөмдөөгө багытталган. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Негизги инновациялардын арасында:

24 сааттын ичинде унааны кайра кароону жокко чыгаруу. Эми унаа ээси экинчи кароодон өтпөстөн, алгачкы кароодон өткөндөн кийин 24 сааттын ичинде унаасын каттай алат;

Текшерүү үчүн кайра төлөмдү жокко чыгаруу, эгерде ал акыркы 24 сааттын ичинде жасалган болсо, унааны кайра текшерүү акысыз болот;

Процесстерди тездетуу жана автоматташтыруу. Жаңы ченемдик укуктук актыларды жана автоматташтырылган системаларды киргизүүнүн аркасында каттоо процесси ылдамдады, кезек күтүүлөр азайды, тейлөө сапаты жакшырды.

Мамлекеттик агенттик бул өзгөртүүлөр жарандардын убактысын жана акчасын үнөмдөөгө, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын ачык-айкындуулугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18