24.kg
10:33, 26 ноября 2024, 24.kg

Нурдан Орунтаев Бишкектеги Хрущев жана Сталин учурундагы имараттарды буздурабы?

Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев Бишкектеги Хрущев жана Сталин учурундагы имараттарды бузууну көздөөдө. Бул тууралуу ал Биринчи радиого билдирди.

Photo 354732

Тиешелүү мекеменин жетекчисинин айтымында, СССР убагында курулган эски имараттарды бузуу пландалууда. Муну ал борбор калаада курулуш үчүн жер тилкелеринин кескин жетишсиздиги менен түшүндүрдү.

«Эски үйлөр көп жерди ээлейт, бирок батирлер аз. Аларды бузуп, көп кабаттуу үйлөр курулса, турак жай аянты геометриялык түрдө көбөйөт. Бул замандын талабы, бул оңдоп-түзөө деп аталат», — дейт Нурдан Орунтаев.

Ошондой эле Мамкурулуш 2025-жылдын январь айынын аягына чейин мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерге чара көрүүнү пландоодо. Алар мыйзам бузуу менен курулуп, жарандарга ыңгайсыздык жаратууда.

Башкармалыктын башчысы муну мажбурлоо чарасы деп атады. Ал кошумчалагандай, азыр атайын түзүлгөн комиссия бузула турган объектилердин санын тактап жатат. Анын жыйынтыгы боюнча демонтаждоо боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18