24.kg
10:17, 26 ноября 2024, 24.kg

Дайыр Орунбеков Жалал-Абадда үч судья эмне үчүн камалганын айтып берди

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жалал-Абадда үч судьянын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Орунбековдун айтымында, алар оор кылмышка шектүүнү мыйзамдарды бузуу менен үй камагына чыгарган деп шектелүүдө.

«Кыргызстандык бир жаран маң затын, тагыраагы героинди ташып баратканда укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Үч судья камакка алынган жарандын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Кылмышка шектүү үй камагына чыгары менен чет өлкөгө качып кеткен.

Судьялардын жогоруда белгиленген чечимди кабыл алуусунда ири суммадагы акча каражаты — пара роль ойногон деп айтууга толук негиз бар. Окуянын толук чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталмакчы», — деп жазды ал.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18