24.kg
16:16, 25 ноября 2024, 24.kg

Айсулуу Тыныбекова Лос-Анжелестеги Олимпиадага катыша тургандыгын айтты

Олимпиаданын эки жолку байге ээси Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелестеги Олимпиадага катышууну пландап жатат. Бул тууралуу ал УТРК спорт телеканалына берген маегинде билдирди.

Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасында Олимпиаданын алтын медалын ала электигин белгиледи.

«Мен башка бардык сыйлыктарды алдым. Ар бир спортчу Олимпиададан алтын медаль менен кайтууну кыялданат. Чемпион болгондо сезим башкача. Муну эч нерсе менен салыштырууга болбойт. Бул жеңиш үчүн кайра-кайра күрөшкүң келет», — деди ал.

Буга чейин спортчу Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп, карьерасын улантарын билдирген.

Айсулуу Тыныбекова Кыргыз Республикасынын эң титулдуу спортчуларынын бири: Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медалдардын ээси, дүйнөнүн жана Азиянын бир нече жолку чемпиону.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18