24.kg
15:48, 25 ноября 2024, 24.kg

1-декабрдан тарта «Электрондук эмгек китепчеси» модулун ишке киргизилет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги е-Kyzmat автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бир бөлүгү болгон «Электрондук эмгек китепчеси» (ЭЭК) модулун иштеп чыккандыгын билдирди.

Бул долбоор жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну жөнөкөйлөтүү, кызматкерлердин эмгек жана кызматтык таржымалына ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана кагаз түрүндөгү эмгек китепчелерин колдонуу зарылдыгын жоюуга багытталган.

2024-жылдын 28-мартында модулдун техникалык тапшырмасы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган. 11-октябрда «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын базасында тутумдун сыноо версиясы көрсөтүлдү.

2024-жылдын 1-декабрына чейин пилоттук сыноо башталаары күтүлүүдө.

«Электрондук эмгек китепчеси» эмгек ишмердүүлүгүн эсепке алууну кыйла жөнөкөйлөтүп, процессти ачык-айкын, ыңгайлуу жана оперативдүү кылат.Маалыматтарды борборлоштурулган түрдө сактоо аларды жоготуп алуу же жасалмалоо коркунучун жокко чыгарып, кагаз түрүндөгү документтердин жүгүртүлүшүн азайтып, тутумду экологиялык жактан таза кылат.

Пилоттук этап ийгиликтүү аяктагандан кийин модулду улуттук деңгээлде кеңири жайылтуу пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18