24.kg
14:26, 25 ноября 2024, 24.kg

2024-жылы Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 27 пайызга өскөн

Быйыл Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү азайган жок, тескерисинче өстү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Дипломаттан кыргызстандык банктардын санкцияларга кошулушу Россия менен Кыргыз Республикасынын жана жалпы ЕАЭБдин кызматташтыгына кандай таасир этет деген суроо узатты.

«Башында мен тактап айткым келет, кыргыз банктары мындай чараларды көрүүгө аргасыз, анткени антпесе алар SWIFTтен ажырап, экономикалык жашоо токтоп калмак. Бул аргасыз чара», — деп белгиледи ал жана санкциялардан таасирленбеген орусиялык банктар менен финансылык операциялар уланып жатканын айтты.

Сергей Вакуновдун айтымында, 2024-жылдын жети айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 27 пайызга өскөн.

«Бул сооданын өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода операцияларынын 90 пайыздан ашыгы рубль менен жүргүзүлөт. Бул иште Кыргызстан дагы, Орусия дагы эч кандай мыйзам бузган жок», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18