24.kg
18:46, 22 ноября 2024, 24.kg

Равшан Жээнбековдун жакындарына таандык пансионат мамлекетке кайтарылды

«Асыл-Таш» пансионаты мүлк комплекси имараттары жана курулуштары менен, ошондой эле 13,33 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Кыймылсыз мүлк 1 миллиард сомдон ашык бааланган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди

Маалыматка ылайык, Жээнбеков Равшан Бабырбекович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турганда 2002-жылы Маммүлкком фонду тарабынан 13,33 га участокту жана «Асыл-Таш» пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 млн 703 миң сомго төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатуу үчүн буйрук чыгаргандыгы аныкталган. Ошол эле учурда аталган комплекс Р. Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон.

Ошону менен бирге, УКМК тарабынан учурда «Асыл-Таш» пансионатына жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында турган, жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер участокторун мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад деп аталган кылмыш иши боюнча айыпталууда. 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана парламент депутаттары кирди. 23-октябрда массалык камакка алуулар башталды — бийлик массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен 27 адамды түрмөгө камаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18