24.kg
18:08, 22 ноября 2024, 24.kg

«Балага сүйүнчү» жөлөкпулун санарип сом менен төлөө пландалууда

Кыргызстанда “балага сүйүнчү” жөлөкпулун санарип сом менен төлөө пландалууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планын аткаруунун алкагында, мамлекеттик-социалдык төлөмдөр боюнча санарип сом платформасынын прототибин апробациядан өткөрүүнүн II фазасын талкуулоо боюнча кызыкдар болгон министрликтер жана ведомстволор менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банк “Балага сүйүнчү” долбоорун санарип сом платформасында ишке ашыруу архитектурасынын долбоорун сунуштады жана долбоорду техникалык адистер менен бирге андан ары ишке ашырууну улантуу тууралуу макулдашышты.

“Балага Сүйүнчү” – Кыргызстанда ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөнүүчү төлөм. Төлөмдүн суммасы 4 миң сомду түзөт. Бир убакта үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон “балага сүйүнчү” төлөнөт.

Бир жолку жөлөкпул алуу жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилүүгө тийиш. Кийинчерээк документтер кабыл алынбайт. Мамлекет тарабынан толук камсыздалган балдарга жөлөк пул төлөнбөйт.

Төлөө үчүн Сиз Калкты тейлөө борборуна (КТБ) же жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18