24.kg
17:40, 22 ноября 2024, 24.kg

Гараж ээлери милиция менен кагылышкан. Кылмыш иши козголду

Бишкекте № 22 кооперативдин гараждарынын ээлери менен милициянын бүгүнкү кагылышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө бөлүмү Псковская көчөсү, 71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативин демонтаждоо иштерин баштаганын, гараж ээлеринин айтымында, муниципалитеттин кызматкерлери техникалары менен келип, аймакты бошотууну талап кылышкан. Кооперативдин мүчөлөрү буга каршы болуп, бузуу боюнча эч кандай документ көрбөгөнүн айтышты. Алардын бири канистрдеги суюктукту полиция кызматкерлери менен мэриянын кызматкерлерине чачкан. Кийинчерээк идиште суу бар экени белгилүү болду. Дагы бир адам «Тазалык» атайын техникасынын маңдайкы айнегин сындырган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» менен катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18