24.kg
14:35, 22 ноября 2024, 24.kg

«Ынтымак Ордого» экскурсиялар кайра жанданды, бирок өткөрүү тартиби өзгөрдү

Президенттик администрациянын жаңы имараты болгон «Ынтымак Ордого» экскурсиялар уланат, бирок аларды өткөрүү тартиби өзгөртүлдү.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, экскурсия ар жуманын ишемби күнү өткөрүлөт. Ал үчүн алгач электрондук түрдө сайт аркылуу паспорт менен катталып, белгиленген бөлүмдөрдү толтуруу шарт.

Photo 354302

Административдик имарат менен таанышууга келген жарандардын кийимдери коомдук жайларда жүрүүнүн жалпы ченемдерине жооп берүүсү зарыл.

Экскурсия учурунда жарандар коомдук тартипти сактоого тийиш.

Административдик имаратка бир жолу экскурсияга кирип чыккан жаранга, экинчи жолу уруксат берилбейт.

Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчуган жана мамлекеттик иш-чаралар өтүп жаткан учурларда экскурсия уюштуруу убактылуу токтотулат.

Экскурсия учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) имаратка спирт ичимдиктерин, тамак-аш, суусундуктарды, балмуздак ж.б. алып кирүүгө;

2) имараттын ичине ок атуучу куралдарды, курч предметтерди, бат от алуучу баллондорду, ууландыруучу, жардыруучу жана зыяндуу заттарды, чоң көлөмдөгү баштык, рюкзак, чемодан ж.б. буюмдарды алып кирүүгө;

3) ролик, велосипед, скейтборд ж.б. пайдаланууга;

4) коомдук жалпы жүрүм-турум эрежелерин, кооопсуздук техникасын, ошондой эле экскурсиянын талаптарын бузууга;

5) коштоп жүргөн жооптуу кызматкерсиз өз алдынча кызматтык бөлмөлөргө жана башка жайларга кирүүгө;

6) имараттын ичиндеги приборлорду, жабдууларды, жарык берүүчү жана башка техникалык системаларды өз алдынча өчүрүп-күйгүзүүгө.

Белгилей кетсек, эрежелерди бузган жаранга административдик имараттын ички тартибин көзөмөлдөөчү кызматкерлер тарабынан эскертүү берилет.

Эске салсак, коомдук тартип бузган учурда мыйзамга ылайык чара колдонулат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18