24.kg
14:06, 22 ноября 2024, 24.kg

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кондукторлору айлык аздыгына нааразы болушууда

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кондукторлору айлык акынын аздыгына нааразы болуп, эл өкүлдөрүнө кайрылышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында депутат Бакытбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ишкананын кызматкерлери бүгүнкү күндө 20 миң сомдон алышат.

«Вагондордо жылуулук жок. Кондукторлордун айлыгын көтөрсө, от жылыткычтарды жалдаса болобу?». — деп сурады Бакытбек Марипов.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов келерки жылы жетекчилик кондукторлордун айлыгын көтөрөрүн билдирди.

«Вагондордо жалаң механиктер жана кондукторлор бар. Акыркылар унааларды өздөрү жылытат, бул үчүн кошумча төлөм бар», — деп жооп берди чиновник.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18