24.kg
12:22, 22 ноября 2024, 24.kg

Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлдү. Карта

Борбор калаанын бир бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Шабдан Баатыр проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде диаметри 300 мм болгон суу түтүкчөсүндө авария болуп, анын кесепетинен суу агып кеткендиги аныкталган.

Photo 354262

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын суу менен камсыздоо кызматынын бригадасы авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Аварияны жоюу үчүн ККСК суу алгычы убактылуу өчүрүлөт, бул анын камтуу аймагындагы суу менен камсыздоого таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөт.

Бардык күч жумуштарды тез арада бүткөрүүгө жана суу менен камсыздоо системасын тез арада калыбына келтирүүгө багытталат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18