24.kg
14:12, 21 ноября 2024, 24.kg

Кыргызстан менен Германия расмий документтерди колдонуу шарттарын жеңилдетишти

Кыргызстан менен Германия эки өлкөдө расмий документтерди колдонуу шарттарын жеңилдетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда 1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында кол коюлган чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгарган конвенция күчүнө киргени такталган.

«Бул Германиянын каршылыгын кайтарып алып, Кыргызстандын конвенцияга кошулуусуна макулдугунан улам мүмкүн болду», — деп белгиледи ведомство.

Апостилди колдонуу бул өлкөлөрдүн биринде берилген документтерди экинчисинин аймагында таануу процедурасын жеңилдетет. Эми жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар эки өлкөнүн тең расмий документтерин колдонуу үчүн кошумча консулдук легалдаштыруу процедураларынан өтүүгө муктаж болбойт.

Апостиль системасын киргизүү административдик процесстерди тездетүүгө, документтерди тастыктоого кеткен чыгымдарды кыскартууга жана билим берүү, ишке орноштуруу, укуктук жана бизнес-процесстер сыяктуу түрдүү чөйрөлөрдө бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк берет.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18