24.kg
17:48, 20 ноября 2024, 24.kg

21-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +4...+9,

Талас облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз +3...+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −3...+2, күндүз +3...+8,

Нарын облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз 0...+5.

Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +6...+8 градус жылуу болот.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18