24.kg
17:40, 20 ноября 2024, 24.kg

Бишкекте автоунаалардын экологиялык нормаларга шайкештиги текшерилүүдө

Бишкекте транспорттун экологиялык нормаларга шайкештиги текшерилүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон кабарлашкандай, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте унаалардын экологиялык нормаларга туура келер-келбесин текшерүү максатында рейддерди өткөрүштү.

 

Акция абанын экологиялык абалын жакшыртууга жана түтүнгө каршы күрөшүүгө багытталган.

 

Түтүндүн жыштыгын өлчөөчү атайын каражаттардын жардамы менен 12 жүк ташуучу унаа текшерилип, эки эреже бузуу аныкталган. Жаза колдонуу боюнча протоколдор түзүлдү.

 

Айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18