24.kg
16:25, 20 ноября 2024, 24.kg

Бишкектеги жеке мектептин имараты 1,6 миллиард сомго мамлекетке кайтарылды

Бишкекте 1,6 млрд сомдук «З» жеке мектеп-комплексинин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлк объекттерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аянты 2801 чарчы метр, ага жанаша жайгашкан, аянты 1,29 га барабар, Бишкек шаарынын престиждүү районунда жайгашкан бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган социалдык мүлк мурда «А» ААКтын балансында болуп, «З» жеке менчик мектеп-комплексине ижарага берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы «А» ААКты менчиктештирүүдө башка объектилер менен бирге мамлекеттик ишкананын балансынан «мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын» шарттарын бузуу менен социалдык объект чыгарылгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, КР президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 жарлыгынын жана КР өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-сентябрындагы № 421 токтомунун талаптары сакталган эмес.

Белгилей кетсек, «З» билим берүү мекемеси КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен ижара келишиминин негизинде окутуучулар курамын сактап калуу менен өз ишин улантат.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18