24.kg
15:15, 20 ноября 2024, 24.kg

Бишкекте Трансплантация жана диализ борборунун курулушу башталды

Бишкек шаарында Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага катышкан министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте мындай борбордун түзүлүшү турмуштук маанилүү медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, Кыргызстанда бөйрөк жана боор ооруларын диагностикалоо жана дарылоону жаңы деңгээлге чыгара турганын баса белгиледи.

Борбордун ишке кириши өнөкөт бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртат, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасынын потенциалын чыңдоого олуттуу салым кошот.

Жалпы наркы 446,6 млн сомду түзгөн борбор толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Ал акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, гемодиализ, органдарды трансплантациялоо жана адистештирилген реабилитацияны талап кылган бөйрөк жана боор оорулары менен жабыркаган бейтаптарга кызмат көрсөтөт.

Мекеменин түзүмүндө нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантология бөлүмдөрү, ошондой эле генетикалык жана биохимиялык изилдөө лабораториясы болот. Борбордо операциялык бөлмөлөр, интенсивдүү терапия бөлүмдөрү жана бейтаптарга трансплантациядан кийинки кам көрүү бөлүмү болот.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18